07.08.2019 13:19

Сапар Исаков Каныбек Иманалиевди жалган сүйлөөгө айыптады

Сапар Исаков Каныбек Иманалиевди жалган сүйлөөгө айыптады

Бүгүн, 7-августта Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча козголгон кылмыш иши каралып жатат. Соттум отурумга Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев күбө катары чакырылган. Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков депутаттан анын TBEA. өкүлдөрү менен 18 жолу жолукканын тастыктай турган документтерди көрсөтүүсүн сурады.

«Сиз мени кытай компаниясынын өкүлдөрү менен 18 жолу жолуккан деп айтып жүрөсүз. Сиз калп айтып жатасыз. Мен анчалык көп ирет жолуккан эмесмин. Кийин «40 жолу жолуккан» деп чыктыңыз. Ошол жолугушууларды тастыктаган документ көрсөтүңүзчү», - деди Исаков.

Иманалиев жактоочу расмий суроо жөнөтсө, көрсөтүүгө макул болду.

«Долбоорду колдоп берүүнү суранып, качандыр бир сизге кайрылдым беле?», -деп сурады Исаков депутаттан. Иманалиев «жок» деп жооп кайтарды. 

Андан сырткары, Иманалиев TBEA менен макулдашууну ратификациялоо чечимин кабыл алууда жеке өзү сын-пикирин жазып бергенин  билдирди. Бирок, кийинчерээк Жантөрө Сатыбалдиев аталган документти көрсөткөндө, анда депутаттын сын-пикири жок болуп чыкты.